Оштогу Араван аймактык ооруканасында 40 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмү ачылды

Бүгүн, 17-октябрда саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева Ош облусунун Араван аймактык ооруканасында 40 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмүнүн ачылышына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу 2008-жылы башталган. Долбоордун жалпы баасы 34 миллион 360 миң сомду түзөт. Бүгүнкү күнү республикалык бюджеттен 27 миллион 500 миң сом каржыланган. Учурда 2 кабаттуу имараттын, анын ичинде жугуштуу оорулар бөлүмүнүн оңдоо иштери аяктады. Бөлүм эмеректер менен толук жабдылган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан