Быйыл Бишкек шаарына "Жашылдандыруу" ишканасынын кызматкерлери тиккен жоогазындар гүлүн ачты. Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, бул жолу борбор калаанын ар кайсы аймактарына 130 миң түп жоогазын тигилген.
Жоогазындар гүлдөп бүткөндөн кийин гүлдүн уругу кылдаттык менен казып алынып, кургатылат. Алынган гүл уруктары күз мезгилинде кайрадан отургузулат. Мэрия борбор калаага көрк кошкон гүлдөрдүн сүрөтүн жарыялады.