Биз социалдык тармакта

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча прокуратура мамлекеттик айыптоону колдоодон баш тартты

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча прокуратура мамлекеттик айыптоону колдоодон баш тартты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго карата жазык иш каралууда.

Иш боюнча жарыш сөздүн жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочулар алардын күнөөлөрү далилденбегендиктен, айыптоону колдоодон баш тартышты", - деп жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

21-августта Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарган. 29-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Elaman0693
2021-04-13 15:29:46
Урматтуу супер.кж жамааты, былтыр орозо календарь чыгаргансыздар соонун болчу!!! Быйыл эмнеге чыкпай жатат? Баарыныздарга рахмат!!!
0
admin_media
2021-04-13 16:04:55
Elaman0693,Саламатсызбы? https://www.super.kg/kabar/news/354307/ ушул ссылка аркылуу кирип карасаңыз болот, жана "Башкы беттен" таба аласыз)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан