Биз социалдык тармакта

Күн ачык болот. 14-апрелге карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 14-апрелге карата республика боюнча түнкүсүн Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаашы күтүлөт, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24;

Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9 градус, күндүз +22…+24 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан