Аксыдагы спиртке ууланган деген чуулуу окуяда эң көп аты аталган дарыкана ээси Бурулкан Эргешованын өзүнүн жана туугандарынын көчөлөргө жана ооруканага ыйгарылган ысымдары алып салынды.
Бул тууралуу Кара-Суу айылдык кеңеши ыйгарылган ысымдарды алып салуу боюнча токтом кабыл алган. SUPER.KG порталы бул маалыматты жергиликтүү тургун Дурусбек Курманбековго байланышып, тактады.
Жашоочунун маалыматына ылайык, толкуган элдин нааразычылыгы 2 көчөгө жана бир имаратка ыйгарылган ысымдарды алып салуу менен аяктаган.
"Элдин койгон талабы аткарылды. Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү ооруканага Манас Эргешовдун, Кез-Арт айылындагы көчөгө Эргеш Матаевдин, Жаңы-Айыл деп аталган көчөгө Бурулкан Эргешованын ысымы берилген. Азыркы тапта берилген ысымдар алып салынганы бизге маалымдалды", - деди жашоочу.
Буга чейин Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында 6 адам ууланып каза болгону маалымдалган.