Борбор шаарда "Бишкек-2013" аттуу эл аралык көргөзмө өтөт

Бишкектеги Спорт Ордосунда 23-27-октябрь күндөрү "Бишкек-2013" аттуу эл аралык универсалдуу көргөзмө өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда КРнын Соода өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Көргөзмөгө 80ден ашуун компания катышып, анда парфюмердик-косметикалык продукциялар, жеңил өнөр жай буюмдары, турмуш-тиричилик техникалары, эмеректер жана башкалар коюлат. Жыйынтыгында мыкты компанияларга атайын сыйлыктар тапшырылат. Иш-чара аталган палата менен "Кыргызэкспоцентр" департаменти тарабынан уюштурулууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан