Биз социалдык тармакта

Бишкекте адашып кеткен 3 жашар кыз табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди

Бишкек шаарында адашып кеткен кичинекей кыз табылып, үйүнө жеткирилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-апрелде болжол менен саат 16:10 чамасында 102 кызматына Дордой-1 көчөсүнөн кичинекей кыз жоголду деген маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда А.З. аттуу айым 3 жаштагы кызын издеп жаткандыгын айткан.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кичинекей кыз Кайыңды көчөсүнөн табылып, апасына сак-саламат өткөрүлүп берилген. Кызынын табылганына сүйүнгөн апасы милициянын кайгуул кызматкерлеринин аракетине ыраазычылыгын билдирди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан