Биз социалдык тармакта

Бишкектеги №7 жана №8 троллейбустардын каттамы убактылуу өзгөртүлдү

14-апрелден баштап Кытай өкмөтүнүн грантынын эсебинен жол иштери башталып жатканына байланыштуу кээ бир троллейбус каттамдары убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, төмөнкү троллейбус каттамдары убактылуу өзгөртүлгөн. Буга чейин Туңгуч кичи районунан Ак-Өргө конушуна чейин каттаган №7 троллейбус каттамы "Туңгуч" - Эт комбинаты схемасы боюнча убактылуу жүрөт. 14 троллейбус 7-8 мүнөттүн аралыгы менен линияга чыгат.

Чыгыш автобекетинен Ак-Өргө конушуна чейин каттаган №8 троллейбус каттамы эми чыгыш автобекетинен Айыл чарба институтуна чейинки аралыкта, 12 троллейбус аралыгы 8-9 мүнөт менен убактылуу жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан