Жалал-Абад шаардык мэриясы жарнак чыгарган басмаканаларды тил мыйзамын сактоого чакырды.
Маалыматка ылайык, аталган калаада тил эрежелерин бузуу менен илинген көрнөк-жарнактарга атайын комиссиялык топ рейд жүргүзүшкөн.
"Шаардагы бир катар дүкөндөргө, компанияларга көрнөк-жарнактарды тартипке келтирүү максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын талабына ылайык илүү керектиги эскертилди.
Шаардагы жарнак чыгарган бир катар басмаканаларга да бул маселеге олуттуу көңүл буруу керектиги эскертилди. Мындай рейддер алдыда дагы улантылат", - деп айтылат Жалал-Абад шаардык мэриясынын тараткан маалыматында.