Биз социалдык тармакта

Ош шаарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу текшерилүүдө

Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов муниципалдык ипотека ишканасынын жетекчиси Кутманалы Абдырахман уулу баштаган шаардык мэриясы тарабынан түзүлгөн атайын комиссиялык топ менен биргеликте ипотекалык турак-жайлардын курулушунун жүрүшүнөн кабар алды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматта жазылгандай, иш-чаранын жүрүшүндө 9 кабаттуу турак үй жайгашкан Кукумбий көчөсүндөгү жайга барышты.

"Курулуштун этаптары менен таанышуунун алкагында коопсуздук эрежелеринин сакталышына, аткарылышынын графигине жана иштин сапатына мониторинг жүргүзүлүп, кире бериштеги санитардык-эпидемиологиялык нормалардын күн сайын сакталышына көңүл бурулду.

Белгилей кетсек, көп кабаттуу турак жай, планга ылайык 2022-жылдын май айында муниципалдык ипотека программасынын алкагында пайдаланууга берилет. Учурда Ош шаарында үч көп кабаттуу турак үйдүн курулуш иштери кызуу жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан