
Индияда 2 баштуу, 3 колдуу кыз төрөлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Индиянын Одиша штатында эки баштуу, үч колдуу ымыркай төрөлгөн. Тилекке каршы, сиам эгиздери бир денеде 2 башы, үч колу жана эки буту менен төрөлгөн. Ымыркай эки ооз менен тамактанып, эки мурун менен дем алат.
Ымыркай кесарево жолу менен төрөлгөн. Ал атайын дарылануу үчүн Каттак шаарындагы Сардар Валлабхай Пател атындагы Педиатрия институтуна которулган.