Биз социалдык тармакта

Кайрат Иманалиев Түркиянын маданият министри менен жолугушту

Бүгүн, 13-апрелде Анкара шаарында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Түркия мамлекетинин маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой мырза менен эки тараптуу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда буга чейинки эки өлкө ортосундагы маданий байланыштар талкууланып, кызматташуунун жаңы тараптарын камтыган келишимге кол коюу тууралуу макулдашылганы жазылат маалыматта.
Түркияда Кыргыз өлкөсүнүн, андан соң Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү маданият күндөрүн белгилөөнүн иш-планын иштеп чыгуу тапшырмасы эки тараптын тийиштүү бөлүмдөрүнө тапшырылды. Ошондой эле кино жана театр багыттары боюнча тажрыйба алмашуу жана таанытуу максатындагы иш-чаралар жандандырылып, жаңы баскычка көтөрүүгө эки тарап тең кызыкдар экенин билдиришти.
"Ошондой эле түрк дүйнөсүндө ар тараптуу алгылыктуу иш алып келе жаткан Түрк Кеңеши жана ТҮРКСОЙдун мындан аркы ишмердүүлүгүнө жакындан көмөктөшүү маселелери талкууланып, сунуштар айтылды.
Мехмет Нури Эрсой мырза Ысык-Көл өрөөнүнө пландаштырылып жаткан Махмуд Кашкари атындагы маданий борбордун курулуш иштерин тездетүү маселесин өз көзөмөлүнө аларын белгилеп, орток мурастарды бүткүл түрк дүйнөсүнө таанытууда ар дайым колдоо көсөтүүсүн милдет деп эсептеди.
Жолугушуунун соңунда Кыргыз-Түрк маданий кызматташтыгын жаңы бийиктикке көтөрүү максатын ишке ашырууга чакырык таштады", - деп жазылган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jazmina909090
2021-04-13 22:24:58
Менин агайым бар болуңуз.Илими күчтүү киши.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан