Мэр Иса Өмүркулов социалдык коргоо кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бишкек шаарындагы мамлекеттик тарых музейинде бүгүн, 17-октябрда социалдык коргоо кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чара болду. Ага шаар мэри Иса Өмүркулов катышып, социалдык тармакта иштегендерди кесиптик майрамы менен куттуктады: “Социалдык коргоо кызматкери – күн сымал жылуулук тартуулап турат. Жыл сайын сиздер колдоого муктаж калктын эң аялуу катмарына жардам көрсөтүп келесиздер.  Бул иштин кыйындыгына жана маянанын аздыгына карабастан силер калкка жардам көрсөтүп жана келечекке үмүт берүүнү улантып жатасыздар. Социалдык коргоо органдарынын милдети калкка даректүү жардам көрсөтүү болгондуктан, силердин ишиңер татаал жана оор”,- деди Өмүркулов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан