
Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагынын Кичи-Алай ички чарбалык унаа жолунун 4-чакырымына кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 630 метр куб. Ал эми жолдун 12-чакырымына 2600 метр куб кар көчкү түшүп, жол каттамы жабылган.
Тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн жерине №21 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган.
Кошумча маалымат берилет.