Ош шаарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу текшерилип жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Анда шаардын вице-мэри Эмил Шадыханов, муниципалдык ипотека ишканасынын жетекчиси Кутманалы Абдырахман уулу баштаган Ош шаардык мэриясы тарабынан түзүлгөн атайын комиссиялык топ менен биргеликте ипотекалык турак жайлардын курулушунун жүрүшүнөн кабар алышкан.
Иш-чаранын жүрүшүндө, 9 кабаттуу турак үй жайгашкан Кукумбий көчөсүндөгү көп кабатуу үйлөр текшерилген.
"Курулуштун этаптары менен таанышуу алкагында коопсуздук эрежелеринин сакталышына, аткарылышынын графигине жана иштин сапатына мониторинг жүргүзүлүп, кире бериштеги санитардык-эпидемиологиялык нормалардын күн сайын сакталышына көңүл бурулду.
Белгилей кетсек, көп кабаттуу турак жай планга ылайык 2022-жылдын май айында муниципалдык ипотека программасынын алкагында пайдаланууга берилет. Учурда Ош шаарында үч көп кабаттуу турак үйдүн курулуш иштери кызуу жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.