Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевдин кадамдары анын профессионалдуулугу төмөн экенин далилдеп жатат. Муну 17-октябрда ЖКнын депутаты Туратбек Мадылбеков билдирди.
"Рысалиев мен жөнүндө такталбаган маалымат таратканы үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек. Эч кандай далили жок туруп бизди күнөөлүү кылган башчынын ыплас жолдорго баруу менен жасаган кадамдары анын профессионалдык деңгээли төмөн экенин далилдеп жатат",- деди Мадылбеков.
Депутат ЖАМКнын башчысынын аракеттеринен жыйынтык чыкпай жатканын айтты. "Укук коргоо органдары бизге коюлган айып боюнча бир канча жолу текшерип, иликтөөлөрдү жүргүзүштү. Рысалиевдин жетекчилиги астында 5 айдан бери тергөө жүрүп, аягында иш жабылды. Учурда укук коргоо органдары Рысалиевдин жасаган кадамдарын көрүп күлүп жатышат",- деди депутат.