Бүгүн, 14-апрелде Бишкекте БШКнын алдында митинг өтүп жатат. Анда шаардык кеңешке өтпөй калган партиялар нааразычылыгын айтып чыгышты.
Нааразы болгондордун арасында "Улутман" партиясынын өкүлү Кайрат Кутманалиев элдин тагдырын миллиондогон акча чечип жатканын айтты.
"Айтып жатышпайбы, жеңилген күрөшкө тойбойт деп. Мен айтат элем, жадакалса базардагы кой биздин элге караганда өзүнүн укугун коргой алат экен. 73 миң добушту 2000 сомдон эсептегенде 146 миллион сом болот экен. Бишкектин тагдырын 146 миллион сомго сатып алды уткан партиялар", - деди ал.