Биз социалдык тармакта

Тойотанын эмблемасы го, Жапаровдун өзүнө окшош экен... Бүгүн ачылышы болуп өткөн Бишкек баатырдын эстелиги талкуу чордонунда

Бүгүн, 14-апрелде борбор калаа ысымын алып жүргөн Бишкек баатырдын эстелигинин ачылышы болуп өттү. Ачылышка өлкө башчысы Садыр Жапаров өзү катышты.

Эстеликтин ачылышынан сүрөттөр социалдык тармактарга тараганынан көп өтпөй алар талкуу чордонуна айланды.

Эстелик толугу менен бүтүп, ачылыш болгонго чейин да ал талкууга алынган. Тагыраагы Бишкек баатырдын артында турган тегерекчени интернет колдонуучулары "учуучу тарелка, НЛО" деп аташып көптөгөн мемдерди жасашкан.

Бул ирет социалдык тармактын колдонуучулары Садыр Жапаров менен Бишкек баатыр окшошуп калганын жазып чыгышты. Ал эми айрым колдонуучулар Бишкек баатыр Владимир Лениндин кыргыз версиясы экенин шакабалап жазышкан.

Мындан сырткары Бишкек баатырдын куру белгилүү Тойота маркасынын эмблемасына куюп койгондой окшош экенин жазышып, балким, бул жашыруун жарнама деп да аташкан.

Сиз эстеликти кимге окшоштурдуңуз?

Бишкек баатырдын эстелиги "Бишкек башкы архитектура" ишканасы 2019-жылы өткөргөн мыкты долбоор ачык сынагынын жеңүүчүсү скульптор Адил Сейталиевдин эмгеги. Дал ушул эмгеги менен ал сынакта жеңүүчү аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
gulya583
2021-04-14 14:55:15
Таптакыр окшошпойтко, бекер акча
+7
Urmat78
2021-04-14 15:45:14
Илгерки скульпторлор жасаган окшойт.Ленинди жасай беришип Ленинге окшоп калыптыр
+10
Jaraisyn
2021-04-14 16:16:06
Сөз деп эле сүйлөй бересиңерби,
+6
NURSAPAR
2021-04-14 16:19:01
Жакшы эле чыгыптыр. Кербен жүрө берет.
+11
bond02
2021-04-14 17:05:04
Баш кийими жок окшошпой калган го дейм.
+4
Baktiyar731
2021-04-14 17:12:06
Курмангазы Азыкбаевге окшоттум
+6
Akyl78.1501
2021-04-14 17:17:55
Лениндин кыргызча варианты эле
-3
nargiz-sa
2021-04-14 17:56:17
Садыке өзүнө окшоштуруп жасатыптыр шоуну жактырган киши экен да жарыктык
-6
algakaray
2021-04-14 18:20:30
Баш кийим кийгизиш кк болчу. А то менин классташыма окшоп калыптыр
-2
Taku.14.02
2021-04-14 19:08:44
окшошпойэт деп Бишкек батырды тааныгансып китептеги сурот балким башкача.. булар китептен кандай болгон деп таап окшоштурса керек
+5
kanybek1986
2021-04-14 19:36:24
Мурдаа Бишкек баатыр мезгилинде Тойотаны биздикилер чыгарган экенда
+4
Asmat84
2021-04-14 20:01:57
Өзү кыргыз кызыктай эле калкпыз да сынатып эле койсо бизди. Жапаровко окшошсо окшошкондур. Бишкек баатырды кимиң көрдүң эле кандай кимге окшош экенин бул жакшы саамалыкты жөн гана Бишкек баатырдын тарыхтагы ордун эле элестетип койсоңор болот го Тынар айтмакчы биз чукуганга эле машпыз да
+12
ulaAjidar
2021-04-14 21:03:48
Менин атама окшоп калыптырго,тобооо
-4
Haanykeim
2021-04-14 23:34:26
Бышкан ашка сынчы көп...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан