Биз социалдык тармакта

Эл аралык мелдеште алтын медаль уткан аскерлер сыйланды (сүрөт)

14-апрелде ИИМдин ички аскерлердин колбашчысы Исламбек Кенжекулов кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеште жеңген аскер кызматчыларын куттуктады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-апрелден 12-апрелге чейин Түркия мамлекетинин Анталья шаарында "Turkish Open Kickboxing European Cup" аталышындагы кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеш өттү.

"Анда Кыргыз өлкөсүнүн ИИМдин ички аскерлеринин 705 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары, улук лейтенант Авазбек Аманбеков 60 килограмм салмакта жана лейтенант Рустам Ибрагимов 63,5 килограмм салмакта жеңүүчү деп табылып, алтын медалдардын ээси болушту.

Буга байланыштуу ИИМдин ички аскерлердин колбашчысы, полковник Кенжекулов жеңиш ээлерин куттуктады. Өз сөзүндө колбашчы спортчуларга мындан ары да ийгиликтерге жетише беришин каалоо менен спорттук чеберчиликти бекемдөө аркылуу спорт чөйрөсүндө мындан да жогору бийиктиктерди багындыра беришине тилектештигин билдирди", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aslonur
2021-04-15 11:16:57
Кенжекулов чыныгы кол башчы, спорт менен тынымсыз машыгып турат, аялы өтө соонун тамак даярдайт эле аскер убагымда, Аллах сиздерге узун өмүр берсин,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан