Март айында белгиленген туруксуз аба ырайы жазгы талаа жумуштарынын темпинин төмөндөшүнө алып келди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Ушул жылдын 23-мартына карата жалпы республика боюнча жаздык өсүмдүктөр 105,6 миң гектарга себилди, бул былтыркы жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу 25 пайызга аз.
Ушул жылдын 23-мартына карата жаздык арпанын айдоо аянты өткөн жылдын ушул эле күнүнө карата 31,2 пайзды, жаздык буудай 28,6 пайызды, көп жылдык чөп 9,4 пайызды, картошка - 6,8 пайызды, жашылча - 5,6 пайызды, май өсүмдүктөрү - 3,7 пайызы түздү.