Бишкектеги №58-мектептин администрациясы жакында мектепте окуучулар арасында мушташ болуп, анын кесепетинен 13 жаштагы окуучу көз жумду деген маалыматты четке какты. Мектепте эч кандай мушташ болбогонун билдиришүүдө жетекчилик. Айта кетсек, өспүрүмдөр арасындагы рэкетчилик көйгөйү каралган өкмөттүн 17-октябрдагы жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектеги мектептердин биринде өспүрүмдөр мушташып 13 жашар окуучу каза тапканын айтты. Окуя 11-12-октябрьаралыгында болгонун кошумчалады өкмөт башчы. Ал эми мектеп жетекчилиги жума күнү аталган окуучу сабакта болгонун, ишемби күнү мектепке келбегенин билдирүүдө. Ал эми дем алыш күндөн кийин окуучунун ата-энеси баласы каза болуп калганын мектепке билдиришиптир.