Биз социалдык тармакта

"Кылмышкерлерге таандык болушу ыктымал". УКМК курал-жарактардын жана ок-дарылардын кампаларын аныктады

Чүй облусунда курал-жарактардын жана ок-дарылардын кампалары табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК жана "Альфа" атайын кызматы менен биргеликте 2010-жылдагы апрель окуялары жана 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары учурунда жоголгон курал-жарактар боюнча ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында Чүй облусунан курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды.

"Бекитилген жерден АК-47 Калашников автоматынын 2 магазини, 5.45- 59 даана ок-дарылар жана РПГ-26 Аглень гранатомету табылып алынды. Булар мурда Кыргыз өлкөсүнүн күч бөлүмдөрүнүн биринин балансында болушу мүмкүн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак жана ок-дарылар тоноочулукка тиешеси бар кылмышкерлерге таандык болушу ыктымал", - деп жазылат маалыматта.

Учурда УКМК тарабынан куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан