Украинанын борбору Киевде коронавируска байланыштуу чектөөлөр 30-апрелге чейин узартылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, шаардын мэри Виталий Кличко 14-апрелде калаада коронавирус жуктургандар жана андан каза болгондор көбөйүп жатканын билдирди. “Башка аргабыз жок. Бейтаптардын саны көбөйө берсе, саламаттыкты сактоо системи көтөрө албай калышы мүмкүн", - деген Кличко.
Киевде карантиндик чаралар өткөн айда киргизилип, мектептер, бала бакчалар, театрлар жана соода борборлору жабылган. Ошондой эле коомдук транспорт да чектелүү санда иштеп жатат.
Шаар мэри мекеме-уюмдарды жумушчуларын аралыктан иштөөгө же эмгек өргүүсүнө чыгуу үчүн шарттарды түзүп берүүгө үндөдү.