Бишкекте Социалдык коргоо кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу кече болот
18-октябрда саат 13:30да Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Социалдык коргоо кызматкерлердин күнүнө карата салтанаттуу кече өтөт. Иш-чарага Социалдык өнүгүү министрлигинин, Социалдык фондунун, Профсоюз федерациясынын жетекчилери жана кызматкерлери, депутаттар жана башкалар катышат. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.