Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңештин төрагасы КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын отурумуна катышат

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 15-16-апрель күндөрү Санкт-Петербург шаарында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын жазгы сессиясынын отурумдарына катышат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

15-апрель күнү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясы, Европа Кеңешинин, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун, Жер ортолук деңизинин Парламенттик ассамблеялары жана Бириккен улуттар уюмунун Контртеррористтик башкармалыгы ортосунда онлайн-форматта "COVID-19 пандемиясынын шартындагы глобалдык чакырыктар жана коркунучтар. Терроризм жана зордук-зомбулук экстремизми" аталышындагы конференция өтөт.

16-апрелде КМШ ПААнын башкы кеңсесинде ассамблеянын 52-пленардык отуруму уюштурулат. Анда пандемия маалында миграциялык жараяндарды мыйзамдык жөнгө салуу, айрыкча аталган маселеге карата КМШга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин ролу талкууга алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан