COVID-19 жайылуусуна каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан бардык профилактикалык иш-чараларга карабастан, оору менен ооруган учурлар Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында катталууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"9-апрелге карата COVID-19 22 окуучуда жана 16 мугалимде тастыкталды. Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын көрсөтмөсүнө ылайык, 7 мектепте 11- класстар онлайн окууга өттү", - деп жазылат билдирүүдө.
14-апрелге карата Бишкек шаарында үч мектеп аралыктан окуп жатат. Алар: №13, 28 жана 52 орто мектептер.