Бүгүн, 15-апрелге карата өлкөдөгү эң ири Токтогул суу сактагычында суунун агып чыкканына караганда киргени көп болду. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 15-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 587 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 297 метр куб, агып чыгышы 182 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
13-апрелге карата суу сактагычта 8 миллиард 569 миллион метр куб суу бар болчу.