Депутат Марлен Маматалиев чек ара маселеси боюнча өкмөттүн маалыматын угууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында чек ара боюнча маселе көп көтөрүлүп жатат. Бүгүн бул маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштайм. Өкмөт келип ачык-айкын маалымат берип койсун. Кандай болуп жатат, алдыда эмнелер күтүп турат", - деди ал.
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев комитеттин чечими жок, күн тартибине коюлбай турганын айтып, бул маалымат жабык түрдө өтө турганын белгиледи.