Депутат Шайлообек Атазов спортчуларга кайдыгер мамиле жасалып жатканын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Ушул жылы Япониянын Токио шаарында жайкы Олимпиадалык оюндар өтөт. Ага дүйнө жүзүндөгү 5 миң 151 спортчу катышат, буга алар кызуу даярданууда. Биздин мамлекеттин атынан катыша турган спортчулардын абалы, машыктыруучулардын айлыктары, тамак-аш, витаминдер мактанарлык эмес. Жалпы Кыргыз өлкөсүндө бир гана спорттук дарыгер бар экен. Олимпиадага даярданып жаткан спортчуларды колдошубуз керек. Өкмөт тарабынан бул оюндарга 106 миллион сом каралган экен, бирок бүгүнкү күнгө чейин 16 миллион сомдун тегерегинде акча бөлүнгөн. Маселе чечилбей жатыптыр", - деди ал.