Депутат Зарылбек Рысалиев Бишкекте милиция кызматкерлеринин санын көбөйтүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бүгүнкү күнү калктын саны 7 миллионго жакындап калды. Бишкек шаарында 4 РИИБи бар. Эл көбөйүп жатат, РИИБдер качан көбөйөт? Митинг болсо Кытайда, Түркияда 5 миң киши чыкса 10 миң милиция кызматкерин коёт. Бизде болсо 10 миң киши чыкса да, 20 миң киши чыкса да болгону 2 жарым миң милиция чыгат. Анан келтек жешет. Менин суранычым дагы 4 РИИБин кошуш керек. Милиция кызматкерлеринин штатын көбөйтүп берели", - деди Зарылбек Рысалиев.