Жантөрө Сатыбалдиев: "Мектеп жетекчилери окуучулардын кылмыштарын көзгө илбей жатышат"
Мектептердеги кылмыштардын натыйжалары менен эмес, алардын себептерин аныктоонун
үстүндө иштөө керек. Муну 17-октябрда өспүрүмдөр арасындагы рэкетчилик
маселесин талкуулаган өкмөт жыйынында
премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айтты. "Эмнеге бардык жоопкерчиликти
балдарга жүктөп жатасыңар? Мектеп жетекчилери окуучулардын кылмыштарын көзгө илбей
жатышат. Көрсөтмө берип жумуш аткарбай жатасыңар. Күн сайын сабак өтүп баштаардан мурун тартип боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл",- деди Сатыбалдиев.