Чүй облусунун Пригородное айыл өкмөтүнүн алдында 30-35тей аял насыялары жоюлсун деген талап менен турушат. Бул тууралуу жеринде жүргөн кабарчы билдирди.
Чогулгандардын алдындагы айыл өкмөт башчы чыгып сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
"Азыр эшик ачылып, тийиштүү кызматкерлер менен коридорго кирип сүйлөшүп чечип берүүнүн аракеттерин көрүп жатабыз", - деп билдирди ал.
Журналисттер кезеги менен кирип темир терезеден айыл өкмөттүн ичинде өзүн өрттөйбүз деп отурган аялдардын үнүн угушууда.
Насыянын айынан балам асынып алды деген Самира апа насыя алып төлөй албай калганын айтып, буларга токтолду.
"Банктан 32 пайыз менен оокат кылалы деп насыя алдык эле, төлөй албай калдык. Ушунун айынан балам да асынып каза болду", - деп билдирди ал.