Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда көчөлөрдү коопсуз шаарга ылайыкташтыруу башталды

Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдү коопсуз шаар долбооруна ылайыкташтыруу башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Жалал-Абад шаарында бүгүндөн тарта коопсуз шаар долбоорунун алкагында инженердик түйүндөрдү жана мамыларды орнотуу иштери башталды. Алгачкы иш Барпы-Сейил көчөсүндөгү кесилиште жүрүүдө. Мындагы жумуштар аяктаган соң калган 11 кесилиште да инженердик түйүндөр жана мамылар коюлат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Бул пландалган иштер апрель айынын аягына чейин бүткөрүлөт. Шаардык мэрия тарабынан көчөлөрдү коопсуз шаардын талабына ылайык келтирүү иштери аткарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан