Балдарга карата зордук-зомбулук жасагандарга карата жазаны күчөтүү керектиги айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов билдирди.
Айбек Осмонов жаш балдарга карата зордук-зомбулук күчөп жатканын айтты. "Жакында эле беш жаштагы наристе өгөй атасы тарабынан аёосуз сабалганы тууралуу тасма чыкты. Биздин келечегибиз балдар дейбиз. Бирок ошол балдарыбыз зомбулукка кабылып жатса, келечегибиз эмне болот?", - деген суроо койду.