Бүгүн, 15-апрелде Ички иштер министрлигинин мекемесинин алдында министр Уланбек Ниязбековдун отставкасын талап кылган митинг өтүүдө.
Митинг өтүп жаткан жерге аларга каршы болгон белгисиз эркек кишилер келди. Алар митингди бейөкмөт уюмдардын уюштуруп жаткандарына нааразы.
"Эмнеге Айзаданын өлүмүн саясатташтырып жатасыңар. Эгер түз карасаңар, ага куран окутуп коймоксуңар. Силер бирөөнүн акчасын алып чыгып жатасыңар", - деп сүйлөдү митингге келген белгисиз балдардын бири.
Алар элди тарап кетүүгө чакырып, өлкөгө тынчтык керек экенин айтып, кыйкырышууда.