Биз социалдык тармакта

Депутат жол эрежеси боюнча айыптарды убагында төлөбөгөндөргө туум кошууну кайрадан карап чыгууну сунуштады

Депутат Гүлшат Асылбаева жол эрежеси боюнча айыптарды убагында төлөбөгөндөргө туум кошууну кайрадан карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Жол эрежесин бузгандыгына байланыштуу коюлган айыптарды убагында төлөбөгөндөргө туум кошууну кайрадан карап чыгуу керек. Пандемия шартында ансыз да кыйналып турган элге оорчулук туулуп жатат. Айыптарды жокко чыгарбасаңар да, туум кошууну токтотсоңор. Анткени айрым учурда айып пулдун көлөмүнөн да ашып кетүүдө", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан