Биз социалдык тармакта

Бишкектеги Рухий-Мурас жаңы конушуна 700 орундуу мектеп салынат

Бишкек шаарындагы Рухий-Мурас жаңы конушуна 700 орундуу мектеп салуу үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Жаңы билим берүү уюму 700 орунга ылайыкташтырылган. Долбоордук-сметалык документация толугу менен бүткөрүлдү. Жаңы жалпы билим берүү уюмунун курулушунун сметалык баасы 156 миллион 126 миң 672 сомду түздү. Каржылоонун булагы шаардын бюджети. Тендер шаардык мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу өткөрүлөт", - деп жазылат билдирүүдө.

Тендер жөнүндө толук маалымат жана техникалык тапшырма бүгүн мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланат: http://zakupki.gov.kg

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2021-04-15 18:16:59
Аябббай жакшы жаңылык!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан