Өкмөттүн 17-октябрдагы жыйынында өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук маселеси каралууда. Жыйынга тиешелүү органдардын жетекчилери катышып жатат. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаевден мектептердеги кылмыштуулук боюнча эмне иш жасап жатканын сурады.
Турганбаев: "Мурда 5-6 мектепти 1 участкалык инспектор караса, азыр ар бир мектепте бирден инспектор бар. Кылмыштуулукка өспүрүмдөрдү кылмыш жообуна тартууга мүмкүн эместиги да себеп болууда. Биз алдын алуу иштерин гана жүргүзө алабыз",- деди.
Буга өкмөт башчы "эгер алар инспектор бар экенин билишсе, көрүшсө, мындай кылмыштар болмок эмес",- деди. Айта кетсек, өкмөт башчы буга чейин мектептердин бириндеги мушташтан 13 жашар бала каза болгонун айткан эле.
Премьер-министр Мелис Турганбаевге "Сизди кызматка коюп жатканда биринчи кезекте тартипсиздикти токтотуу керектигин айткам. Эгер чоң нерсе жасай албасак, эч болбосо балдардын өмүрүн сактап калалы",- деди.