Биз социалдык тармакта

16-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 16-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт, калган жерлерде жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, Ысык-Көл облусунун тоолорунда кар жаайт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +20…+25;

Талас жергесинде түнкүсүн +4...+9, күндүз +20…+25;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…+5 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +23…+25 градус.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан