Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору тарабынан "Селсаяк" аталышындагы рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Рейддин максаты Жалал-Абад шаарынын аймагында коомдук жайларда лөлү тектүү жарандардын ыңгайсыздык жаратууларынын алдын алуу.
Жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин натыйжасында, 5 ата-эне балдары менен тилемчилик кылып жүргөн. Алардын ичинен 3 жаран Өзбекстан Республикасынын Бухара облусунан келген. Аларга коомдук жайларда ыңгайсыздык жаратпоо зарылдыгы эскертилип, коронавирус илдетине байланыштуу эпидемиологиялык абал түшүндүрүлдү.