Токиодогу олимпиада көрүүчүлөрсүз өтүп калышы мүмкүн

Токиодогу жайкы олимпиада оюндары коронавирус пандемиясынын жайылуу коркунучунан улам көрүүчүлөрсүз өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу япониялык саясатчы Таро Каного шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, олимпиада оюндарын мындай форматта өткөрүү үчүн өбөлгөлөр бар. Бирок бул маселе дагы деле талкууланууда. Бул чечим кийинчерээк кабыл алынары айтылган.

"Менин оюмча, оюндарды ушундай кырдаалда өткөрүүгө болот деп ойлойм. Балким, алар көрүүчүлөрсүз калышат", - деген Кано.

Олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндар Токиодо 2020-жылы жайында өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам жылдырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан