Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору болуп Кеңешбай Тайлаков дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
14-апрелде Тайлаков ишке расмий киришип, эмгек жамаатына тааныштырылган. Ал буга чейин агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеп келген.