Биз социалдык тармакта

"Даңк" медалынын ээси, акын, радиожурналист Тенти Орокчу уулу 83 жашында дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, "Даңк" медалынын ээси, акын, котормочу жана ардагер радиожурналист Тенти Орокчу уулу 83 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, акын кечээ, 14-апрелде көз жумган. Тенти Орокчу уулу Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында 1938-жылы 8-сентябрда туулган.
  • 1963-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Пржевальск педагогикалык институттун аяктаган;
  • 1963–1965-жылдары Кочкор районундагы мектептерде мугалим;
  • 1965–1969-жылдары "Мугалимдер" газетасында илимий редактор;
  • 1969–1973-жылдары Кыргыз Совет Энциклопедиясында (КСЭ) илимий редактор;
  • 1973 –2002-жылга чейин, Кыргыз Республикасынын телерадио комитетинде иштеген.
Тенти Орокчу уулунун 1978-жылы "Мекенимди даңктаймын" аралыгындагы алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Чыгармачылыктан тышкары казак жазуучусу А.Шымбатыровдун "Ак-Сай жайлоосунда" повестин жана аңгемелер жыйнагын казак тилинен кыргыз тилине которгон.
1991-жылы радио журналист Тенти Орокчу уулунун кыргыздын белдүү акын, жазуучулары менен өткөргөн радио маектери өзүнчө том болуп жарыкка чыккан.
Анын кыргыз радиосунун "Казына" чыгармачылык өндүрүштүк бирикмесиндеги эмгек жолунда очерктер, радио очерктер, радио композициялар, радио эсселер жана бир, бир жарым саатка созулган радио маектери болуп 3 миң 500гө жакын уктуруулар даярдалган. Алардын 200 саатка жакыны Улуттук телерадиокорпорация менен Мамлекеттик архивдин Алтын казынасына сакталып турат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algakaray
2021-04-15 20:47:47
Ыйманы саламат болсун! Бейиштен орун берсин аллахым.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан