Жалал-Абад шаарында муктаж жарандар үчүн кайрымдуулук борбору ачылды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Ага ылайык, муктаж жарандар керектүү буюмдарын аталган борбордон келип алып кетсе болот.
"Шаардык мэриянын алдындагы Кайрымдуулук борборунда муктаж адамдар үчүн атайын бөлмө уюштурулган. Ал жерде кийим-кечеге, балдар оюнчуктарына муктаждар болсо, борборго келип тандап алып кетсе болот. Бул буюмдар кайрымдуу адамдардан чогулган", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин мүмкүнчүлүгү бар инсандарды жарактуу буюмдарды Кайрымдуулук борборуна алып келип тапшырса болору кабарланган.