ЖКнын депутаты айрым аткаминерлерге чара көрүү талабы менен премьер-министрге кайрылуу жолдоду

Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев Түп районунда жер титирөөдөн жапа чеккен үй-бүлөлөргө мыйзамдуу бөлүнгөн акчанын берилбей жатышына күнөөлүү аткаминерлерге чара көрүү талабы менен премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге кайрылуу жолдоду. Муну ЖКнын маалымат кызматы билдирди.  

Депутаттын билдиришинче, бөлүнгөн акчаны ала албай, учурда үйсүз 45 үй-бүлө эмне кыларын билбей жатат. Алар 9 айдан бери өкмөткө кайрылып, мыйзамдуу жардам ала алышпагандан кийин Бишкекке барып өкмөт башчынын өзүнөн талап кылуу үчүн атайын топ түзүштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин комиссиясы 45 үйдү жашоого жараксыз деп таап, жардам берилет деген чечимин чыгарган, бирок жардам бериле элек.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан