Бүгүн, 16-апрелге карата Токтогул суу сактагычында суунун агып чыкканына караганда киргени көп болду. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 16-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 596 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 279 метр куб, агып чыгышы 164 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Кечээ, 15-апрелде суу сактагычта 8 миллиард 587 миллион метр куб суу бар болчу.