Биз социалдык тармакта

Бишкекте үч айда жол эрежесин бузуу боюнча 26 миллион сом айып пул өндүрүлдү

Бишкек шаарында 3 айдын ичинде 88 миң 299 бузуулар жөнүндө протокол толтурулду. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-чейрегинин жыйынтыгы менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматы тарабынан 88 миң 299 бузуулар жөнүндө протокол толтурулуп, бул көрсөткүч өткөн жылдын 3 айына салыштырмалуу 58 миң 504 протоколго көп болгон.

Алардын ичинен:

  • Айдоочулук күбөлүгү жана тийиштүү документи жок унаа башкаруу - 1074;
  • Мас болуп унаа айдоо - 923;
  • Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатуу - 183;
  • Тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорттук каражатты башкаруу - 95;
  • "Коопсуз шаар" долбоору боюнча - 1164 ;
  • Авто ээнбаштык - 15;
  • Башка жол эрежесин бузуулар - 84 миң 845.

"Ошондой эле 6 миң 225 унаа ар кандай жол эрежесин бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулду. Ушул жылдын 3 ай ичинде түзүлгөн протоколдорго 121 миллион 621 миң сом айып пул салынып, бүгүнкү күндө 26 миллион 487 миң 430 сом өндүрүлгөн", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан