Биз социалдык тармакта

УКМК айдоочулук күбөлүктөрдү акчага саткан жетекчилерди кармады (видео)

"Унаа" мамлекеттик мекемесинде жарандарга айдоочулук күбөлүктөрдү алуу үчүн квалификациялык экзамендерди тапшырууда туруктуу коррупциялык схема түзүп алышкандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мекеме тактагандай "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери автомектептердин мугалимдери менен жең учунан сүйлөшүп алышып, айдоочулардын тестирлөөсүнүн автоматташтырылган системге кирүү менен тестирлөөнүн жыйынтыктарын бурмалашкан. Натыйжада, айдоочулук мектептерде тиешелүү окуудан өтпөгөн адамдарга айдоочулук күбөлүк берилип жүргөн.

Мындан улам Ош шаарындагы "Унаа" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси жана Ош облусу боюнча жетекчиси компьютердик тестирлөөдөн жана практикалык башкаруудан "ийгиликтүү" өткөндүгү үчүн автомектептердин бүтүрүүчүлөрүнөн 5000 сом өлчөмүндө каражатарды системдүү түрдө алып турган фактылар аныкталган. Жыйынтыгында, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бүтүрүүчүлөрү биринчи жолу экзаменде эле айдоочулук күбөлүк алышкан.

Белгилей кетсек, мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Кыргыз Республикасынын УКМК Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине жарандарга айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө коррупциянын көрүнүштөрү жөнүндө аларды жоюу боюнча сунуштары менен бир нече жолу маалымдаган

Мекеменин маалыматында, учурда ушуга окшогон схемаларды "Унаа" мамлекеттик мекемесинин башка аймактык бөлүмдөрүндө түзүлгөндүгүн аныктоо, ошондой эле бул коррупциялык схеманын бардык катышуучуларын жоопко тартуу иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ulan899
2021-04-16 11:06:51
Бул тан калыштуу корунуш эмес.Сулуктудогу Унаа мамлекеттик ишканасыда айдоочулук куболукту 7000-8000сомдон сатат.
+5
Nuuman
2021-04-16 11:23:57
Ulan899,туура. Факт керек болсо көрсөтүп берет адамдар. Эрте менен машина сатып алып, түштөн кийин права сатып алгандар бар Сүлүктү, Лейлекте.
+6
stal.ks
2021-04-16 12:53:10
Окуубай эле права алып анан авария болуп жататда
+2
Asmat84
2021-04-16 15:15:44
Бундай көрүнүш бүт эле автомектептерде бар аны бүт эле билишет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан