Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Баки Эшмамбетов атындагы мектеп 50 жылдан бери оңдоодон өтө элек. Бул тууралуу мектеп директору Төлөнбек Жусуевге байланышканыбызда белгилүү болду.
Кезинде аталган мектепте экс-президент Сооронбай Жээнбеков, мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир туугандары Жаныш Бакиев, Жусупбек Бакиев жана башка белгилүү адамдар билим алышкан.
Айтымында, мектеп жетекчилиги имараттын капиталдык оңдоп-түздөө иштерин каржылоого жардам берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Асылбек Жээнбековго жана депутат Эмил Токтошевге кайрылышкан.
"Биздин мектеп оңдоп-түзөөгө муктаж экендиги чындык. Биз мектепти оңдоп-түзөөгө каражат сурап, көп эле жакка кайрылдык. Бирок бизден дагы абалы начар, оңдоп-түзөөгө муктаж, кулап кетүү коркунучу бар мектептер көп экен.
Аларга салыштырмалуу азыр биз шүгүр айтып турабыз. Себеби биздин мектепке азырынча кезек келе элек. Албетте, мектеп имараты акча бөлүнүп кезеги жетсе, оңдолуп түзөлөт", - деди мектеп директору.
Аталган имаратта азыркы тапта 1000ге чукул окуучу билим алат. Класстардын жетишсиздигинен бир класста нормадан көп окуучу окуйт. Бул мектеп Кара-Кулжа районундагы жалгыз орус тилдүү билим берүү мекемеси болуп эсептелинет.