Москвадагы "Геликон-Опера" музыкалык театрында 3-майда "Орусиянын жана дүйнөнүн жаш таланттары" аттуу концерт болот. Ага Кыргыз өлкөсүнүн атынан музыкалык мектептин окуучулары катышат. Бул тууралуу Бишкектеги Орусиянын илим жана маданият борборунан билдиришти.
Концертке Кыргыз өлкөсүнүн атынан Кара-Балтадагы балдар музыкалык мектебинин окуучулары 12 жаштагы Сайкал Акибаева жана 15 жаштагы Данислам Турузбеков катышат. Алар 2019-жылы жана 2020-жылдардагы орус романс аткаруучуларынын "Борбор Азиядагы Романсиада" сынагынын жеңүүчүлөрү.
"Москванын сахнасына чыгуу жаш таланттарга шык берип, келечекте көптөгөн ийгиликтерди жаратуусуна түрткү берет", - деп жазылат маалыматта.